Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

7-апрель окуясы боюнча сот жылдырылды


Бул тууралуу Аскер сотунун маалымат кызматы билдирет. 7-апрель окуясына байланыштуу соттук териштирүүнү Бишкек гарнизондук аскер соту 25-октябрга белгилеген болчу. Бирок ушул тапта уюштуруу иштери соңуна чыкпагандыктан, соттук кароо белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылды. Соттук териштирүүгө 28 айыпталуучу, 7-апрелде каза болгондордун 78 тууганы, ошол күнү ок жеп жаракат алган 306 кыргызстандык, 129 күбө, 18 жактоочу жана 7 прокурор катышаары айтылууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG