Россиялык таанымал ырчы, Мамдуманын мүөсү Иосиф Кобзон Астанадагы эл аралык жыйында сөз сүйлөп жатып, эсин жоготуп, кулап түштү.
“Азаттыктын” казак бөлүмүнүн билдиришинче, 73 жаштагы Кобзон эсине келгенден кийин окуяны азилге айлантканга аракет кылган. Анткен менен доктурга жатууга мажбур болду. Такталбаган маалымат боюнча, Иосиф Кобзонго тамактан ууланган деген диагноз коюлган.