Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Саркози пенсия реформасынан баш тартпайт


Франциянын президенти Николя Саркози пенсия реформасы боюнча өзүнүн сунушун эртең сенатта добушка коймокчу. Ага ылайык, адамдар 60 жаштан эмес, 62 жаштан пенсияга чыга алышат. Буга өлкөдө каршы болгондор массалык иш таштоого чыгышкан. Өлкөнүн авиация бийликтери айтышкандай, бүгүн Париждеги Орли аэропортуна коно турган жана андан уча турган рейстердин жарымы иштебейт. Калган аба майдандарында да учактардын 30 пайызы учпайт.
Франциянын жүк ташуучулар федерациясынын өкүлү Тиерри Кордиер массалык иш таштоо дагы күчөшү мүмкүн экенин айтты. "Абал дагы курчуп, акциялар күчөшү мүмкүн. Анткени буга азыр транспорт тармагы да кошулду. Муну менен биз өкмөткө басым жасап, абалды курчутпаш үчүн аракет көрүүгө чакырып жатабыз", - деди Тиерри Кордиер. Ошентсе да, президент Н.Саркози реформадан баш тартпай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG