Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Коогалаңдан кийин калыбына келтирилген үйлөр бериле баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, ноябрдын соңуна чейин турак-жайлары талкаланган бардык жарандар үй менен камсыз болот. Бүгүн Жалал-Абад облусунда бир канча үй-бүлө үй менен камсыз болот. Ал эми эртең Ош облусунда 20 үй-бүлө жаңы турак-жайга кирет. Ушул тапта эки облуста тең турак-жайларды куруу иштери уланууда. Июндагы коогалаң маалында Ош менен Жалал-Абадда эки миңден ашуун турак-жайлар талкаланып, алардын 80 пайызга жакыны такыр жараксыз абалга келген болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG