Эртең Бишкек шаардык аскер гарнизондук сотунда Санжар Бакиев баштаган беш айыпталуучунун үстүнөн сот иши уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова билдирди. С.Бакиев баштаган жогорудагы айыпталуучуларга 14-майда Жалал-Абад облусунда баш аламандык уюштурган, мыйзамсыз курал алып жүргөн жана бийликти тартып алууга аракет кылган деген айыптар тагылган. Санжар Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу. С.Бакиев менен кошо Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедов, ошондой эле Бектурсун Келдибеков, Замир Нуруев, Базарбай Арзыкулов айыпталышууда. (IJz)