Бүгүн Чеченстандын парламенти жайгашкан имаратка чабуул жасалды. Россиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, эки жанкечти парламенттин жанында өзүн жардырып жиберген жана полиция менен болгон атышууда эки куралчан жок кылынган. Аткылашууда үч полициячы окко учуп, дагы бир нече полициячы жарадар болону маалымдалууда. Чеченстандын президенти Рамазан Кадыровдун сөзүнчө, парламентке кирүүгө аракет кылган бардык куралчандар жок кылынган.