Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Президент Вульф: “Германияда жашаган түркиялыктар немис тилин үйрөнүүгө тийиш”.


Германия президенти Христиан Вульфтун бул сөзүн Түркиянын “Хурриет” гезити бүгүн басты. Вульф ошондой эле: “Иммиграция Германия көптөгөн түйшүктөрдү алып келгенине көз жумуп койо албайбыз. Бул проблемалардын көбү немес тилин билбегенден келип чыгууда”,- деген. Президент Вульф бул күндөрү Түркияда беш күндүк визит менен жүрөт.

Германия канцлери Ангелла Меркель өтөн жумада көп маданияттуу коом түзүү аракети өлкөдө ишке ашпаганын, буга келгиндердин немис тилин жана маданиятын үйрөнбөгөнү себеп болгонун билдирген. Мусулмандардын интеграцияланышы боюнча талкуу августта Германиянын борбордук банкынын ал кездеги төрагасы Тило Сразин Германия билимсиз мусулман мигранттарды кабыл ала берип, “кеңкелес” болуп баратат дегенден кийин башталган.

XS
SM
MD
LG