Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:17

Эки аянтта эки башка митинг уланууда


“Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылы уюштурган митингдин катышуучулары азыр өкмөт үйүнүн алдындагы Ала-Тоо аянтына келишти. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын митинги Жогоку Кеңештин имаратынын алдындагы эски аянтта уланууда. “Азаттыктын” кабарчылары окуя болуп аткан жерден билдиршкендей, Ала-Тоо аянтындагылардын саны миңден ашуун, эски аянттагылардын саны миңге жетпейт.

"Мекен шейиттери" менен "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын өкүлдөрү борбордук аянтта 13-октябрдан бери курамында бакиевчилер бар делген "Ата Журт" партиясынын парламентке келишине каршы митинг өткөрүүдө. "Бүтүн Кыргызстан" тарапкерлери болсо БШКдан бул партияны парламентке өткөрүүнү талап кылууда. (IJz)
XS
SM
MD
LG