Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Баткен: кошуна өлкө жарандарына сатылчу үйлөрдү мамлекет алат


Бул тууралуу облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Баткен районунун Тажикстан менен чек аралаш Таш-Тумшук айылынын тургундары кошуналарга сатмакчы болгон үйлөрдү мамлекетке алуу үчүн 10 млн. сом каражат бөлүндү. Мамлекет сатып алган үйлөр милиция бөлүмчөсү жана чек арачылар үчүн берилет.

Буга чейин да ушундай демилге козголуп, ишке ашпай келген эле. Маселен, былтыр аталган айылдын 14 тургуну үйүн сатуу үчүн жергиликтүү бийликке кайрылып, бирок алардын максаты ишке ашкан эмес. Расмий маалыматтарда буга чейин жалпысынан облус боюнча жүз чакты үй-жай кошуна өлкө жарандарына сатылганы айтылган. Чек арадагы Таш-Тумшук айылынын өзүнөн эле кырктай үй кошуна Тажикстандын жарандарына сатылып кеткен. (JsA)

XS
SM
MD
LG