Израилдин байыркы маданий мурастар боюнча башкармалыгы Google компаниясы менен келишим түзүп, “Өлүк деңиз” же Кумран оромдордун Интернетке ачык пайдаланууга (online) жайгаштырат. Долбоор Интернет окурмандарга өткөн кылымда табылган 2 миң жыл эски жазмаларды түп нускасында жана котормо вариантында эркин окууга мүмкүндүк берет. 1940-жылы Өлүк деңизге чукул жайда табылган 900дөн ашуун оромдордун арасында байыркы еврей тилиндеги “Тооруттан” үзүндүлөр да бар. 3, 5 млн. долларлык долбоор, Израил бийликтеринин айтышынча, баасыз байыркы эмгектердин түп нускасын бузбай сактаганга жардамдашат.