Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Клинтон: Иранда америкалык туристтерди соттоого негиз жок


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Иранда түрмөдө жаткан эки америкалык турист 6-ноябрда соттоло турганын укканын, буга эч кандай негиз жок экенин айтты. "Иран бийликтери бул эки жаш жигитти бошотуунун гуманитардык жолун карап көрүшөт го деп үмүттөнөбүз", - деди Клинтон. Америкалык үч турист былтыр 31-июлда “Ирандын чек арасына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган” деп кармалган. Аларды азыр америкалык тыңчы деп айыпташууда. Бир туристти күрөө акча менен сентябрда бошотушту. Алар өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG