Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кара-Суудагы адам өлтүрүү окуясы боюнча сот уланды


Кара-Суу районунун Нариман айлында райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп айыпталып жаткандардын ишин Кара-Суу райондук соту кароодо. Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде өтүп жаткан сотто бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө күбөлөр көрсөтмө беришкен. Бүгүнкү сот жараяны аскер, милиция жана атайын күзөт кызматынын кызматкерлеринин күчөтүлгөн көзөмөлү алдында тынч өтүп жатат. Сотко айыпталуучулардын бардык адвокаттары келишти.

Бул соттук териштирүү 29-сентябрда башталган. Кара-Суу райондук милициясынын башчысы Адылбек Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаев 13-июнь күнү Нариман айлына эки улутту элдештирүү максатында барган жеринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча он киши айыпталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG