Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Аба ырайы: Шашылыш эскертүү


Бир топ күндөн берки ысыктан кийин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Кыргыз гидрометеорологиялык борбору 21-22-октябрда мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланарын эскертет. Тоо этектеринде жана тоолордо кар түшөт, айрым аймактарда жаан-чачын көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, муз тоңот. Бул күндөрү абанын температурасы өрөөндөрдө да төмөндөп, түнкүсүн 0... -5 градуска жеткен суук болот, үшүк жүрөт. Күндүзү 1...6 градус жылуу болот. Мындай аба ырайы күздүк эгинди себүүнү, оруп-жыюу иштерине кедергисин тийгизет, транспорт, энергетика, байланыш жана коммуналдык кызматтардын ишин оорлотот. Бул үшүк жыйналбаган мөмө жемиштерине жана жашылчаларга коркунучтуу.

21-октябрда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолорго кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 1...6 градус жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу, күндүз 4...9 градуска жылуу болот. Ысык-Көл, Баткен облустарында түнкүсүн 2...7 даража, күндүз 5...10 даража жылыйт. Тоолордо түнкүсүн 5...10 градус сууп, күндүз 3 даража сууктан 2 градуска чейин жылыйт. Бишкекте эртең жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн 1...3, күндүз 2...4 жылуу болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG