Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Францияда толкундоолор уланууда


Франция президенти Николя Саркози полиция күчтөрүнө мунай тазалоочу ишканаларга кетчү жолдордогу тосмолорду алып салууга буйрук берди. Өлкөдө бир нече күндөн бери өкмөттүн пенсия реформасына каршы нааразылык акциялары өтүп жатат. Мунай ишканаларынын жумушчулары деполордун кире бериштерин тороп салышкан. Бийлик пенсия жашын 60тан 62ке жашка көтөрүүнү пландап жатат. Кечээ жалпы улуттук иш таштоо болду. Айрым маалыматтарга караганда, демонстрацияларга үч жарым миллиондой киши чыкты. Айрым жерлерде полиция менен демонстранттардын кагылышуулары болду. Сенат мыйзам долбоорун кароону эртеңкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG