Чехияда сыгандардын үйүнө өрт койгон 4 кишиге өкүм чыгарылды. Аларга расалык негизде адам өлтүрүү аракетин көргөн деген айып тагылды. 3 айыпкер 22 жылга, дагы бирөө 20 жылга эркинен ажыратылды. Төртөө тең күнөөлөрүн моюнга алышкан жок. Былтыр апрелде алар Острава шаарында сыгандардын үйүнө күйүүчү май менен толтурулган бөтөлкө ыргытып, өрттөн үч киши, анын ичинде эки жашар кыз оор жараат алышкан. Аны дарыгерлер араң сактап калышкан. Бул кол салуу Чехиядагы сыгандар арасында катуу нааразылык жараткан. Өлкөдө 250-300 миң чамасында сыгандар жашайт.