Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Украина экс-министрдин экстрадицияланышын каалайт

Украина прокуратурасы мурдагы экономика министри Бохдан Данилишинди Чехиядан экстрадициялоону өтүндү. Чех полициясынын маалыматына ылайык, экс-министр дүйшөмбү күнү Украина чыгарган эл аралык мандаттын негизинде Прагада кармалган. Москвачыл Виктор Янукович президент болуп шайлангандан бери мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун кабинетиндеги 3-жогорку кызматкер соттук териштирүүгө кабылууда. Тимошенко муну оппозицияны куугунуктоонун бир бөлүгү катары сыпаттады. Чех полициясы Данилишиндин ишин сот караарын, экстрадиция айларга созулуп кетиши ыктымалдыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG