Сузактык 20 карыя 20-октябрда Жалал-Абад облустук бийлигине келип, облустук соттун имаратында вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров баштаган өкмөттүк топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Алар “Санпа” заводунун жанындагы кандуу окуя боюнча айыпталуучулардын бири, 65 жаштагы Усманжан Аблазовду абактан бошотууну же анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты. Аксакалдар адам өлтүрүүгө тиешеси барлар жазасын алышы керектигин, бирок У. Аблазов июнь окуясында Сузакта элдин толкундоосунун азайтууга үлүш кошконун, аны менен бирге бир нече соттолуучу негизсиз кармалып, айыпталып жатканын айтышты. Вице-премьер А. Бекназаров соттолуучу У.Аблазовдун айыбы жок болсо, анын күбөлөрү менен алардын жакындарынын өкүлдөрүн “Санпа” окуясы боюнча жүрүп жаткан сотко катышып, далилдөөнү сунуш кылды.
Жабырлануучулар У. Аблазовду Сузак районундагы пахта тазалоочу “ Санпа” заводунун айланасындагы окуялардын уюштуруучусу деп айыпташууда, мындай күнөөлөрдү ал 14- октябрдагы сотто четке каккан. Аны менен абакта отурган 19 адамга тиешелүү кылмыш ишин кароо 21-октябрда улантылмакчы. Аларга адам өлтүрүүгө, улуттар аралык араздашууга, талап-тоноо, каракчылыкка катышы бар деген айыптар коюлган. Соттук материалдарга ылайык, 12-13- июнда заводдун айланасында Ош-Бишкек жолунда бери дегенде он адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгон. (YA)