Президенттер Махмуд Ахмединежад менен Уго Чавес глобалдык маселелерди чечүүдө Батыш үстөмдүк кыла албашы үчүн “жаңы дүйнөлүк түзүлүштү” курууга бирге аракет кылышаарын айтышты. Тегерандагы жолугушууда Иран менен Венесуэла энергетикадан баштап, соода-сатыкка чейинки тармактарды камтыган эки тараптуу кызматташууга байланыштуу 11 келишимге кол коюшту. Эки лидер тең бул жолу да АКШны сындашты.