Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы президентке кайрылды


Кайрылууда айтылгандай, Борбордук шайлоо комиссиясы негизги тизме боюнча мурда көрсөтүлгөн беш пайыздык чек боюнча гана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруусу керек.

Негизги тизме боюнча беш пайыздык тосмодон өтүү үчүн 142 миң чамалуу добуш топтоо керек болчу. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 145 миңдей добуш топтогон. Ал эми 200 миң чамалуу кошумча тизме пайда болгондон кийин, беш пайыздык чектин өлчөмү автоматтык түрдө 150 миңге чыккан. БШК мындай болорун алдын-ала эскерткенин айтканы менен, тосмодон өтө албай аткан партия муну менен макул эмес. Эми өз кайрылуусунда партия талабы аткарылбаса бийликти алмаштырууга даяр экендигин билдирди.

Бийлик өкүлдөрү учурда кырдаал көзөмөлдө турганын, күч органдары тартип бузуу, башаламандыктарга жол бербесин билдиришүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG