Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Эл аралык уюмдардан 245 млн. доллар жардам күтүлүүдө


Каржы министри Чоробек Имашовдун бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушул өлчөмдөгү жардам берилери айкын болду. Мунун ичинен 130-150 млн. долларды Орусия берет. Ал эми Дүйнөлүк банктан 28 млн. доллар жакында Кыргызстандын бюджетине келип түшөт. Азия өнүгүү банкы жыл аягына чейин 40 млн. доллар бермекчи. Мындан тышкары Кыргызстан Дүйнөлүк банк менен Ветеринария кызматын жакшыртуу үчүн 10 млн. долларлык келишимге кол койгон. Бериле турган жардамдын 48% ар кандай өлчөмдөгү үстөк пайыздар менен насыя катары, 52% грант катары берилет.
Эл аралык каржы уюмдары Кыргызстандын банк тармагына да жардам беришерин Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева билдирди.
Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 2 млрд. 600 млн. долларды түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG