Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Адвокаттардын сабалышына байланыштуу эки кылмыш иши козголду


Ош шаардык прокуратурасы июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттарына кол көтөрүү фактысы боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Ушул тапта Ошто жүргөн вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кылмыш иштери 13-14-октябрда Ошто адвокаттарга күч колдонуу фактылары боюнча козголгон, ал эми Жалал-Абатта адвокаттарга кысым болгону тастыкталган жок. Июнь окуясы боюнча иштерди карап жаткан соттордун, адвокаттардын жана айыпталуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында көзөмөл күчөтүлүп, 50 кишиден кем болбогон атайын даярдыктагы кызматкерлер, аскер кызматкерлери, милиционерлер тартылууда. Эгерде адвокаттар өз өмүрүнүн коопсуздугуна кооптонуп, сотко кат түрүндө кайрылса, аларга жансакчы берилет, эгер үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан кооптонсо, милиция кызматкерлери аларды көзөмөлгө алмак болушту.

Июнь окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдө айыпталуучуларды жана алардын адвокаттарына жабырлануучуларын менен алардын туугандары күч колдонуп, сот жараяндары бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. 13-14-октябрь күнү Ош шаарында жабырлануучулар беш адвокатты, айдоочуну жана үч айыпталуучуну катуу сабап салышкан. Мындан кийин адвокаттар соттук териштирүүгө катышуудан баш тартып, коопсуздугун камсыздап берүү талабы менен бийликке кат жолдошкон. Мунун негизинде вице-премьер-министр А. Бекназаров жетектеген атайын өкмөттүк топ түзүлүп, адвокаттардын коопсуздугун камсыздоону колго алган жана аларга жасалган кысым-басым фактылары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG