Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

БУУнун өкүлү жөөт конуштарынын кеңейтилиши "мыйзамсыз" деди


Иордан дарыясынын батыш жээгинде 600 үйдүн пайдубалы курула баштаганын Израилдеги уюмдардын бири кабарлаган. Бириккен улуттар уюмунун ал жактагы расмий өкүлү Роберт Серри муну “эл аралык мыйзамдарга каршы келет” деп билдирди. Бул жакка жөөт конуштарын курууга жарыяланган мораторийдин мөөнөтү сентябрда аяктаган. Палестина менен дүйнөлүк коомчулук Израил жетекчилигин ал мораторийдин мөөнөтүн дагы узартууга чакырышкан болчу. Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тыйуунун мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG