Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Франциядагы эң чоң профсоюздук уюм дагы эки күн иш таштоого чакырды


Өлкөдө азыр жумушчулар президенттин пенсия реформасына каршы болуп жатышат. Президент Николя Саркози пенсияга чыгуу жашын 60дан 62 жашка көтөрүүнү сунуштап, ал мыйзам долбоорун ушул аптада Сенатка добуш берүүгө коерун билдирген. Саркози мунун зарылдыгын бюджеттеги дефицитти азайтуу ниети менен түшүндүрдү. Бирок буга каршы болгон демонстранттар 10 күндөн бери ишке келбей, көчөгө чыгып, нааразылык акцияларын уюштурушууда. Мамлекеттеги эң ири профсоюздук уюм келерки аптанын бейшембисинде дагы эки күндүк масштабдуу иш таштоого чакырды.

XS
SM
MD
LG