Мындай чара алардын “Улуттук коопсуздук кызматынын офицери” деген наамды булгаганына байланыштуу колдонулду деп маалымдайт УКК. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалдар жана улуттук коопсуздукка келтирилген коркунуч мекемеде олуттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө түрткү болгон. Акыркы тогуз ай ичинде 1500дөн ашуун кадрдык алмаштыруулар, мыйзам бузуулар боюнча 60тан ашуун кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, натыйжада 7 чекист кызматынан алынып, элүүдөн ашуунуна ар кандай жазалар чектелген.
Мындан тышкары Улуттук коопсуздук кызматынын карамагына чек ара кызматынын киргизилүүсү, мамлекеттик күзөт кызматынын жоюлуп, анын милдетин УККнын 9-бөлүмү аткарып жатканы да Коопсуздук кызматын реформалоого жатат. Мына ушундай өзгөртүүлөргө ылайык мекемеге кошумча 150 иш орун бөлүнгөн, УККда кадрлардын башкы башкармалыгы, эксперттик-криминалисттик бөлүм, экономикалык контрчалгындоо башкармалыгы жана илимий-изилдөө борбору ачылды деп маалымдайт Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз борбору. (ZKo)