Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Кыргызстандык балет бийчиси эл аралык сыйлыкка татыды


Кыргызстандык бийчи Талант Осмонов жеке бий боюнча Махмуд Эсамбаев атындагы эл аралык фестивалда үчүнчү орунга ээ болду. Бул тууралуу Улуттук опера-балет театрынын башкы балетмейстери Акан Нуртазин бүгүн журналисттерге жарыя кылды. Анын маалыматы боюнча фестиваль 14-октябрдан 18-октябрга чейин Чеченстандын борбору Грозный шаарында өткөн. Акыркы жыйырма жыл ичинде республика бир да жолу мындай жогорку эл аралык сыйлыкка ээ болгон эмес, бул жеңиш башкаларга салынчу чыйыр болот деген үмүтүн билдирди А. Нуртазин.

СССРдин эл артисти, таланттуу бийчи Махмуд Эсамбаев эмгек жолун Кыргыз опера-балет театрында баштаганы белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG