Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

Тажикстанда үч согушчан жок кылынды


Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, 22-октябрда Дүйшөмбүдөн 180 чакырымдай чыгыштагы Рашт өрөөнүндөгү операция учурунда бир согушчан өлтүрүлгөн жана үч согушчан колго түшүрүлгөн. Рашта сентябрдын орто ченинде аскерий кербен буктурмага кабылып, 26 жоокер катардан чыккан. Түндүктөгү Согду облусунда бейшемби күнү (21-октябрь) кечинде милиция менен аткылашууда эки согушчан жок кылынган. Алардын бири Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү, 35 жаштагы Мухтасар Миромонова экени маалымдалды. Кыймылды Тажик бийликтери өткөн айдагы Хужанддагы милицияканага жасалган бомба чабуулу үчүн жооптуу деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG