Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Добуш берүү протоколдорун салыштыруу аяктады


БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шайлоо участокторунан буга чейин келип түшкөн түп нуска протоколдор салыштырылып, текшерилип бүттү. Бүгүн добуш берүү протоколдорунун түп нускалары Германиядан үч шайлоо участогунан келди, Орусиядан дагы төрт участоктон келе элек. А. Мамараимов салыштыруулардын жыйынтыгы БШКнын жалпы отурумунда талкууга алынарын кошумчалады.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүү протоколдорунун түп нускалары менен көчүрмөлөрүн салыштырып текшерүү ишине БШК 20-октябрь күнү киришкен. Бул жараянга шайлоого катышкан саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да катышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG