Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

“Санпадагы” киши өлтүрүү окуясы боюнча сот 28-октябрда уланат


Сотко катышып чыккан кабарчыбыздын маалыматына караганда, бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланды. Кара-Көл шаарынан келген жабырлануучулар 13-июнь күнү Сузактагы “Санпа” заводунун жанына топтолгон адамдардын колунда бычак, айры, ок атуучу куралдар болгонун тастыкташты. Жабырлануучулардын бири мурдагы башкарма Усманжан Аблязовдун колунда курал болгонун, башаламандыкты ошол башкарып жүргөнүн, ал эми мурдагы милиционер Бахадыр Жалаловдун колунда ок атуучу курал болгонун айтты. У. Аблязов бул айтылгандарды жокко чыгарды.

Сот атайын аскер отрядынын, Сузак, Ноокен РИИБнүн кызматкерлеринин күчөтүлгөн көзөмөлү алдында тынч өттү. Кийинки отурум келерки бейшембиде болот.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы “Санпа” пахта иштетүүчү заводдун жанында 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголуп, 9 автоунаа өрттөлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG