Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:27

“Бүтүн Кыргызстан” ачкачылыкка тыныгуу жарыялады


Бул туурасында “Азаттыкка” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Марат Кайыпов билдирди. Анын айтымында, партиянын лидери Адахан Мадумаров БШК шайлоонун жыйынтыктарын чыгаргыча Бишкектеги митингдерге 3 күндүк тыныгуу жарыялаган. Ага байланыштуу ачкачылык акциясы да убактылуу токтотулган. Тыныгууга чейин апта башынан тарта партиянын 87 тарапкери ачкачылык жарыя кылышкан. Партия БШК ишемби же жекшемби күнү жыйынтык чыгарат деп күтүп жатышканын кошумчалады Марат Кайыпов.

Апта башында партиянын тарапкерлери Шайлоо кодексиндеги 5% босого боюнча мурдагы эрежени өзгөртпөөнү, парламенттик шайлоодо 145 миңден ашуун добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясын парламентке кое берүү талабы менен ачкачылык акциясын башташкан.

БШКнын төрагасы Акылбек Сариев ушул тапта Москва менен Германияда ачылган жети шайлоо бекетинин жыйынтыктары келгендигин жана аны БШК карап жаткандыгын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG