Окуя Ооганстандын батыш аймагындагы Герат провинциясында болду. Улуттар Уюмунун бул жердеги миссиясына төрт козголоңчу кол салып, атышуу учурунда үчөөнү коопсуздук кызматтары тыйпыл кылды. Ал эми төртүнчүсү дүрмөттөлгөн автомашинасында жарылып өлдү. Миссия кызматкерлеринен эч ким жабыркаган жок. Окуя үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты.