Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

К.Ташиевдин үйүндө орун алган окуяны териштирүү тапшырылды


Президент Роза Отунбаева бардык күч кызматтарына Камчыбек Ташиевдин үйүндө орун алган окуяны териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик администрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди. Анын айтымында, учурда прокуратура окуяга байланыштуу тергөө иштерин жүргүзүүдө.

23-октябрда кечке жуук “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин Чоң-Арык айылындагы үйүндө жаңжал орун алды. Анын сакчыларына 15 чакты адам кол салып, окуя болгон жерде алардын үч тапанчасы жана кызматтык күбөлүгү калган. Камчыбек Ташиев муну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырса, Эмилбек Каптагаев окуя териштирилип жатканын, андыктан алдын ала аны саясатташтыруунун кажети жоктугун айтты.

XS
SM
MD
LG