Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Ташиевге кол салуу окуясы боюнча кылмыш иши козголо элек


Бул туурасында “Азаттыкка” аскер прокурору Айбек Тургамбаев билдирди. Анын айтымында ушул тапта окуя боюнча Жазык- процессуалдык кодексинин негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат.

“Текшерүүнүн багыты боюнча ырааттуулук менен болгон окуянын кырдаалын толугу менен көлөмүндө өз ордуна келтирип, ар тараптын айтылып жаткан кыймыл-аракеттерине туура юридикалык баа бериш керек. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алганга толук негиз табылат. Бул кыймыл аракеттин натыйжасында кылмыш иши барбы же жокпу аныкташ керек. Чечим 3 же 10 күндүн ичинде кабыл алынат,”- деди Айбек Тургамбаев.

Ал окуя болгон жерден табылган үч табелдик тапанча боюнча экспертизалык иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Кечээ кечке жуук “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин Чоң-Арык айылындагы үйүндө жаңжал болуп, анын сакчыларына 15 чакты адам кол салып, окуя болгон жерде алардын үч тапанчасы жана кызматтык күбөлүгү калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG