Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызы каралат


А. Аскаровдун доо арызын Жалал-Абат облустук соту бүгүн Таш-Көмүр шаарында карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев билдирди. Анын айтымында, Таш-Көмүр коопсуз аймак катары тандалып алынды. Буга чейин Кылым шамы” бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова сот процессинин Таш-Көмүрдө өтүшүнө адвокаттар нааразы болуп жатат, деп билдирген эле.

А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А. Аскаров баштаган төрт кишини үй-мүлкүн конфискациялап өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Райондук соттун чечимин айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG