Европа Биримдиги FRONTEX чек ара агенттигинин ылдам аракеттенчү командасын Грекияга жөнөттү. Алар Түркиянын чек арасы тарапка жайгаштырылып, грек чек арачыларына өлкөгө Түркиядан мыйзамсыз иммигранттардын өтүүсүнө бөгөт койгонго көмөктөшөт. Агенттик 2007-жылы негизделгенден бери биринчи жолу мындай миссияны аткарууда. Акыркы мезгилде Түркиядан Грекияга мыйзамсыз жолдор менен келген иммигранттардын саны кескин көбөйгөн.