Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Коопсуздук Кеңеши Гераттагы конушуна жасалган чабуулду айыптады


БУУнун Коопсуздук Кеңеши уюмдун Ооганстандагы конушуна жасалган чабуулду айыптады. Ишемби күнү Улуттар Уюмунун Герат шаарындагы кызматкерлери жайгашкан жайга 4 куралчан чабуул жасаган. Аткылашууда алар жок кылынган. Эч ким жабыркаган эмес. Коопсуздук Кеңеши жекшемби күнү бекиткен билдирүүдө Кеңешке мүчө өлкөлөр Улуттар Уюмунун Ооганстандагы ролун бекем колдогону жана террорчуларды, аларды уюштуруп, финансылык жактан каржылагандарды жоопко тартууга чакырганы айтылат.

XS
SM
MD
LG