Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Жогорку Сот Ирак парламентин сессияга чогулууга милдеттендерди

Ирактын Жогорку Соту өлкө парламентин сессияга чогулганга милдеттендирди. Конституция боюнча, шайлоонун жыйынтыгын сот 1-июнда бекиткенден 15 күндөн кийин депутаттар биринчи сессияга чогулуп, парламент төрагасын, а отуз күн ичинде президентти шайлоосу керек болчу. Бирок парламенттин 325 мүчөсү 7-марттагы шайлоодон кийин бир гана жолу 15 мүнөткө чогулган. Ошондон бери ири саясый партиялар жаңы премьер-министр жана өкмөттүн курамы боюнча бир пикирге келе албай жүрөт.
XS
SM
MD
LG