Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Гаитиде уваба эпидемиясынан 250дөн көп киши өлдү


Гаитиде холера эпидемиясынан набыт болгондордун саны 250дөн жана ич келтеден ооругандардын саны 3 миңден ашты. Бийликтердин маалымдашынча, увабанын эпидемиясы өлкөнүн түндүгү менен ортолук бөлүгүндө кеңири жайылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин директору Габриэл Тимоте 24-октябрда бул жөнүндө мындай билдирди:

- Жабыркаганадар түндүктөгү Артибоните түздүгү менен өлкө ортолугунда көп болууда. Саат бешке карай бу эки аймакта 3015 кишиге илдет жукканы такталды. 253 киши өлгөнү ырасмий тастыкталды.

Ордо шаар Порт-о-Принцте увабадан беш адам көз жумду. Дарыгерлердин айтышынча, увабадан көбүн эсе январдагы жер тербетүүдөн бери чатырларда жашаган адамдар жабыркоодо. Зилзалада 250 миң киши курман болгон, бир жарым миллион ашуун адам там-жайсыз калган. Холера же увабанын вирусу адамдарга булганч суу жана тамак-аштан жугат.

XS
SM
MD
LG