Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

К.Ташиевдин тарапкерлери митинг өткөрүшүүдө


“Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери президент отурган Жогорку Кеңештин мурдагы имараты алдына чогулушту. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, ушул тапта 1000 чамалуу адам топтолуп калды. Чогулгандарга байкоо салып турушкан ИИМ кызматкерлери эски аянтта 500 тегерегинде адам бар экенин айтышууда. Чогулгандар Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Аталган партия жетекчилеринин бири К.Ташиев 23-октябрда үйүнө кол салуу болгонун, аны УКМК уюштурганын айтып чыккан. УКМК жетекчиси К.Дүйшөбаев айыптоолорду четке кагууда. Анын кызматтан кетишин талап кылган митинг кечээ да өткөн болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG