Коомдук телерадио корпорациясынын байкоочу кеңеши президент Роза Отунбаевага жана коомчулукка ачык кайрылуу менен чыкты. Анда бүгүнкү күнү КТРКнын байкоочу кеңешин таркатуу тууралуу ой-пикирлер айтыла баштаганы айтылып, эгер аны таркатууну каалагандардын ойлору ишке ашып кетсе, анда эң көп аудиториясы бар ири медиа ресурсун кайра эле кайсы бир топ көзөмөлдөп калуусу мүмкүн экени баса белгиленет. Буга байланыштуу байкоочу кеңештин мүчөлөрү тынчсызданууларын билдирип, коомдук телерадионун калыптануусу үчүн жалпы коомчулуктун колдоосу керектигин белгилешет.
7-октябрда аталган байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директорлугуна конкурстун акыркы айлампасын өткөрүп, жашырун добуш берүүнүн натыйжасында К.Бакиевдин башкаруусу маалында президенттин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков жеңип чыккан. Мындай жыйынтык ошол эле байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразычылыктарды жаратып, байкоочу кеңеш добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан конкурс жарыялаган. Ал эми И.Карыпбеков өз каалоосу менен талапкерлигин алып салган болчу. (IJz)