Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Алты жылда интернет 60 пайызга чейин арзандады


Кыргызстанда интернет 2004-жылдан бери 60 пайызга чейин арзандады. Мындай иликтөөнү Борбор Азиядагы эркин рынок институту жүргүздү. Аталган институттун иликтөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Сейитбек Усманов “Азаттыкка” билдиргендей, 2004-жылдын биринчи жарымында “Элкат” компаниясы сунуштаган бир гигабайт интернет-трафик 63 доллар турса, “Кыргызтелекомдуку” 54 доллар турчу. Ал эми ушул тапта “Элкат” компаниясы интернеттин бир гигабайтын 24 доллардан сатса, “Кыргызтелекомдуку” 36 доллар турат. Аталган институт мындан ары интернеттин баасы мурдагыдан тезирээк деңгээлде арзандаарын болжолдойт. (IJz)

XS
SM
MD
LG