Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызын бүгүн Жалал-Абад облустук соту Таш-Көмүр шаарында карап, А.Аскаров баштаган алты айыпталуучу жана айрым күбөлөр, жабырлануучулар көрсөтмө беришти. Эми кийинки соттук териштирүү 3-ноябрда уланмакчы. Бул тууралуу соттук процесске катышкан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдайт.
А. Аскаров 13-июнда Базар-Коргон районунда милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга катышкан деп айыпталып жатат. Сентябрдын ортосунда аталган райондун соту А.Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу, дагы экөөнү жыйырма жылга, бирөөнү тогуз жылга кесүү тууралуу өкүм чыгарган. Райондук соттун чечимин айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары айыптап чыгышкан болчу. (IJz)