Жайдагы коогалаңда Ош шаарына караштуу Он-Адыр айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм баланын иши боюнча 25-октябрга белгиленген соттук териштирүү жабырлануучу тараптын келбей калганына байланыштуу 16-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочу Назгүл Сүйүнбаева кабарлады. Бул иш боюнча Он-Адыр айылынын төрт тургуну айыпталууда.
Июнь окуяларына тиешелүү төрт миңден ашуун кылмыш иши козголуп, учурда шектүү делген 268 адам кармалган. Миңден ашуун адамга издөө жарыяланган. (SA)
Июнь окуяларына тиешелүү төрт миңден ашуун кылмыш иши козголуп, учурда шектүү делген 268 адам кармалган. Миңден ашуун адамга издөө жарыяланган. (SA)