25-октябрда Кыргызстан-АКШнын өкмөттөрү меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, АКШ Кыргызстанга эки жылдын ичинде 20 миллион доллар грант берет. Каражат базар экономикасынын өнүктүрүүгө, жеке секторду колдоого жумшалмакчы. Грантты пайдалануу үчүн кыргыз-америкалык экономикалык кору түзүлөт. Бул корду Кыргызстандын жана АКШнын үчтөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү башкармакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. (EBM)