27-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Орусия Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунда 18-кылымдын этегинде түндүк кыргызстандык сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр Орусияга аттандырган элчиликтин 225 жылдыгына арналган илимий жыйын өтөт. Жыйынды Орусия Илимдер академиясынын колжазмалар институту менен Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университети биргелешип уюштурууда. Ага Кыргызстандан, Орусиядан жана Борбордук Европадан келген окумуштуулар катышмакчы.
Абдыракман Кучак уулу жетектеген алгачкы кыргыз элчилиги 1785-жылы Чүй боорунан чыгып, оболу Омбу (Омск) шаарына жеткен. Андан соң кыргыз элчиси Санкт-Петербургга келип, 1786-жылы каныша Екатерина Экинчи аны кабыл алган.
Кийинчерээк жалган маалыматтан улам Абдыракман Кучак уулу Сибирде сый туткун катары кармалып, эл-жеринен алыс жүрүп каза болгон.
Бул элчиликтин акыры ошентип кайгылуу аяктаган менен, ал топ кыргыздын бир бөлүгүнүн Орусия падышасына жиберген туңгуч элчилик тобу катары тарыхта калды.