Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:37

БУУ Ирак менен АКШны “WikiLeaks" жарыялаган фактыларды иликтөөнү өтүндү


Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча башкы комиссары Нави Пилай Иракты жана АКШны Ирак согушу маалындагы кыйноолор жана мыйзамсыз адам өлтүрүүлөр боюнча фактыларды териштирүүгө үндөдү. Өткөн аптада “WikiLeaks” сайтында жарыяланганга караганда, Ирактын түрмөлөрүндө кыйноолор кеңири жайылып, мурда жарыялангандан 15 миң адам көп өлтүрүлгөн. Мурда 50 миңдей адам өлтүрүлгөнү кабарланган. Ачыкка чыккан жашыруун аскерий маалыматтар, Пилай айымдын сөзүнчө, “Иракта адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдар одоно бузулган” деген тынчсызданууну жаратат.

XS
SM
MD
LG