2010-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта атагы чыккан төлгөчү-октопус же сегизаяк деңиз жандыгы 26-октябрда өз ажалы менен каза тапты. Сегизаяк Пауль Германиянын командасынын жети оюнунун эсебин жана Испания финалда Нидерландияны жеңип, дүйнө чемпиону болорун так айтып берген. Ал Германиянын Оберхаузен шаарындагы океанариумда жашачу. Төлгөчү октопустун мураскери табылды. Анын да аты Пауль.