Россиянын “Время новостей” басылмасынын жазышынча, “Кыргызстандагы кырдаал кайрадан бийликтин контролунан чыкканга жакын турат”. “Өлкө түштүгүндө жагдай июндагы трагедиялуу окуялардан кийин дагы эле толук калыбына келе элек”,- деп жазат “Время новостей” гезити 26-октябрдагы санында.