Бул тууралуу аталган партиянын төрага орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ президент Роза Отунбаева шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушууда “Ар-Намыстын” төрагасы Феликс Куловдон нааразылык акцияны өткөрүүдөн баш тартууга чакырган. Р. Отунбаева Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жуманын этегине карай шайлоонун жыйынтыктарын чыгарарын айтып, өлкөдө азыркыдай кырдаалда митинг өткөрүүдөн алысыраак болууга үндөгөн. “Ушундан улам партия шайлоо жыйынтыгын жума күнгө чейин күтө туруу тууралуу чечим кабыл алды”, - дейт Э. Алиев.
“Ар-Намыс” партиясы бүгүн шайлоо жыйынтыгын чыгарууну талап кылып акция өткөргөнү жаткан. Мурда маалымдалгандай акцияга беш миңге чукул киши катышып, коопсуздукту үч жүздөй жөө, эки жүздөй атчан кошуун кайтармакчы эле. Акыйкатчы Турсунбек Акун дагы “Ар-Намыстын” лидери Феликс Куловду митинг өткөрбөөгө чакырган болчу. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдорду салыштырып аткан маалда мындай митинг өткөрүү – БШКга басым жасоо болуп саналат. Ошондой эле мындай митинг каршы митингдерди да жаратып, абал оорлошу мүмкүн. Укук коргоочулар кеңеши да “Ар-Намыс” партиясынын лидери Ф. Куловдун Бишкекте өтөрү пландалып аткан митингге атчандарды алып чыгуу планын сынга алып билдирүү таратышкан болчу. (EBM)