Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Аксы районунда учурдагы бийликти колдогон митинг өттү


Бүгүн Аксы районунун Кара-Жыгач айылында танапташ жайгашкан беш айылдын тургундары катышкан митинг өттү. Акциянын демилгечилеринин билдирүүсүнө караганда, ага 2000 чамалуу адам катышты. Кара-Жыгач айылынын тургуну Кубаныч Маматкеримов “Азаттыкка” билдиргендей, топтолгондордун саны 1500дөн ашуун.

Алар 7-апрелде тынч митингдин катышуучуларына каршы ок чыгарууга буйрук берген бийлик адамдарына, аскер адамдарына, “Альфа” бөлүгүнүн кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери туура экендигин билдиришти. Ошондой эле алар мурдагы бийликтин өкүлдөрү 7-апрелде митинг катышуучуларына каршы ок чыгаргандарды коргоо комитеттерин түзүп алышканын, Бишкекте маал-маалы менен митинг уюштуруп келатышканын, муну менен алар бийликке кысым көрсөтүп атышканын билдиришти.

Митинг соңунда алар мурдагы президенттин өзү жана жакындары, анын күзөт кызматы жана “Альфа” бөлүгү сыяктуу 7-апрелдеги кандуу окуяга тиешеси бар деп айыпталып жаткандарды сот жообуна тартууну талап кылышты. Ошондой эле алар президент Роза Отунбаева баштаган азыркы бийликтин саясатын колдой турушканын, аларга кысым көрсөтүү бөлүнүп-жарылууга алып келерин эскертишти. (IJz)

XS
SM
MD
LG