Катардагы “ал-Жазира” телеканалынын билдиргенине караганда, аларга “ал-Каида” лидери Усама бин –Ладендин үнү деген аудиотасма келип түшкөн. Тасмадагы үн Ооганстандагы согуштук аракеттерди колдогону жана мусулман кыз –келиндердин коомдук жайларда жүзүн жапкан кийимчен жүрүүсүнө мыйзам аркылуу тыюу салганы үчүн Франция жарандарынын өмүрү кыйыларын эскертет. Ошондой эле “ал-Каида” лидериники деген үн Франция Ооганстандагы аскерлерин алып кетүүсү керектигин белгилейт. Үн чын эле бин-Ладендикиби же жокпу бул так билине элек.